ӨКМ башчысы селден жабыркаган Сузактын эли менен жолукту

© пресс-служба МЧС КРПоследствия селевых потоков в Сузакском районе
Последствия селевых потоков в Сузакском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-апрелге караган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Сузак, Ала-Бука, Аксы райондорундагы айылдарды сел каптап, бир катар чыгымдарды алып келген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында селден жабыр тарткан эл менен жолукту. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: өзгөчө кырдаал жарыяланган Чүй облусунда абал турукташты
Эскерте кетсек, 18-апрелге караган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Сузак, Ала-Бука, Аксы райондорундагы айылдарды сел каптап, бир катар чыгымдарды алып келген. Жалпысынан Жалал-Абад облусу боюнча каналдын жээгине жакын жайгашкан жети турак үйгө суу кирип, алты турак үйдү сел жууп кетүү коркунучу пайда болгон. Ошондой эле, эки таза суу линиясы, үч чакырым автоунаа жолу, машина өтүүчү көпүрө, жөө адамдар өтүүчү бир көпүрө селден жабыркаган. 

Боз-Чычкан айылында №85 "Ынтымак" мектебинин имаратынын айланасына суу толгон. Ошондой эле мектептин спорт аянтчасын толугу менен ылай каптаган. Тазалоо иштери сел калдыктары кургагандан кийин айылдык аймак тарабынан аткарылат.

Министр иш-сапар алкагында Ала-Бука районунда селден жабыркаган тургундар менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0