Чернобыль окуясына арналган эстеликтин тегерек-чети тазаланды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүИшембилик. Архив
Ишембилик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Чернобыль кырсыгына 30 жыл толот. 1986-жылы каргашадан Украина, Белоруссия жана Россиянын ири аймактары жабыркаган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Юлиус Фучик атындагы паркта Чернобыль кырсыгынын кесепетин жоюуга катышкандар үчүн тургузулган эстеликтин айлана-тегереги тазаланып жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сейил бак караган Ленин районунун акими Нурдин Тынаев өзү аймакты көрктөндүрүүгө катышты. Паркта ишембилик өткөрүлүп, арыктар тазаланып жана таштандыдан арылуу иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Чернобыль трагедиясына туура 30 жыл толот. 1986-жылы каргашадан Украина, Белоруссия жана Россиянын ири аймактары жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0