Министр Боронов: Кыргызстанга көчмө госпиталь алып келинет

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКөчмө госпиталь. Архив
Көчмө госпиталь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал госпиталь бир жарым миллиондон беш миллион сомго чейин болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан Кытай өлкөсүнөн көчмө госпиталь алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. 

Алдын ала сүйлөшүүлөр өткөн аптада болду. 

"Госпиталь 10 унаадан туруп, анда операция жасоого ыңгайлашкан өзүнчө комнатасы болот. Мындан сырткары, рентген жана томограф аппараттары менен жабдылат", — дейт министр. 

Ал госпиталь бир жарым миллиондон беш миллион сомго чейин болушу мүмкүн. Азырынча Кытай тарап так жооп айта элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0