Модельер Вячеслав Зайцев Москвадагы "Кыргызстан" көргөзмө павильонуна барды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБелгилүү модельер Вячеслав Зайцев. Архив
Белгилүү модельер Вячеслав Зайцев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү чебер көргөзмө павильонду кыдырып чыгып, кыргыз дизайнерлерине жогорку баасын берди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Москвадагы кыргыз ЭКСПО павильонуна легендарлуу модельер Вячеслав Зайцев баргандыгы тууралуу соода борборунун директору Марсель Салахунов билдирди.

© Марсель СалахуновМосквадагы кыргыз ЭКСПО павильонуна легендарлуу модельер Вячеслав Зайцев баргандыгы тууралуу соода борборунун директору Марсель Салахунов билдирди
1/3
Москвадагы кыргыз ЭКСПО павильонуна легендарлуу модельер Вячеслав Зайцев баргандыгы тууралуу соода борборунун директору Марсель Салахунов билдирди
© Марсель СалахуновАнын айтымында, белгилүү чебер көргөзмө павильонду кыдырып чыгып, кыргыз дизайнерлерине жогорку баасын берген
2/3
Анын айтымында, белгилүү чебер көргөзмө павильонду кыдырып чыгып, кыргыз дизайнерлерине жогорку баасын берген
© Марсель СалахуновЭске салсак, 13-апрелде Москвада "Кыргызстан" соода-көргөзмө павильону ачылган.
3/3
Эске салсак, 13-апрелде Москвада "Кыргызстан" соода-көргөзмө павильону ачылган.
1/3
Москвадагы кыргыз ЭКСПО павильонуна легендарлуу модельер Вячеслав Зайцев баргандыгы тууралуу соода борборунун директору Марсель Салахунов билдирди
2/3
Анын айтымында, белгилүү чебер көргөзмө павильонду кыдырып чыгып, кыргыз дизайнерлерине жогорку баасын берген
3/3
Эске салсак, 13-апрелде Москвада "Кыргызстан" соода-көргөзмө павильону ачылган.

Анын айтымында, белгилүү чебер көргөзмө павильонду кыдырып чыгып, кыргыз дизайнерлерине жогорку баасын берген.

"Ал кийимдердин тигилиши мыкты экенин өзгөчө белгиледи", — деп билдирет Салахунов.

Эске салсак, 13-апрелде Москвада "Кыргызстан" соода-көргөзмө павильону ачылган. Ал Европадагы эң ири 90 гектар жерде жайгашкан "Фуд Сити" агрокласстеринин базасында ишке кирген. 

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен соода-көргөзмө борборун Москвада алгачкылардан болуп ачып жатат. Мындан ары кыргызстандык ишкерлер ортомчусуз продукцияларын жеткирип, товардын бааларын коюп, онлайн аркылуу бардык процессти көзөмөлгө ала алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0