Травматикалык куралды сатуудан мурун атып көрүү талап кылынат

Жазылуу
Мыйзамдын максаты травматикалык куралды атып көрүүнү талап кылган ченемдерди мыйзамдарга киргизүү аркылуу аны жүгүртүүнү жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Курал жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мылтыкты баштыкка салып жүргөн Бишкек шаарынын эки тургуну кармалды
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 10-мартында кабыл алынган. 

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты травматикалык куралды атып көрүүнү талап кылган ченемдерди мыйзамдарга киргизүү аркылуу аны жүгүртүүнү жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0