Чернобылдын катышуучуларына 30 миң сомго чейин жөлөк пул бөлүнөт

© Sputnik / Алексей Вовк / Медиабанкка өтүүЧернобыль АЭС катышуучуларына эстелик. Архив
Чернобыль АЭС катышуучуларына эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Чернобыль окуясына 30 жыл болот. Трагедия 1986-жылдын 26-апрелинде катталган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Чернобыль алааматынын катышуучуларына кошумча жөлөк пул бөлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Ала-Тоо аянтындагы апрель революциясынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрель революциясынан жабыркаган 630 адам жөлөк пул алып келет
Быйыл каргашалуу окуяга 30 жыл болот. 

Маалыматка ылайык, жөлөк пул 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин болот. Алааматтын катышуучуларына мамлекеттик бюджеттен 46 миллион 81 миң сом бөлүнөт. 

Мындан сырткары, министрлик ай сайын миң сомдон жети миңге чейин компенсация төлөп турат. 

Трагедия 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Андан Украина, Белоруссия жана Россиянын ири аймактары жабыркаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0