Кыргыз-өзбек тарапты кошкон контрабандалык туннелдин экинчи учу Кыргыз-Кыштактан чыкты

© пресс-служба СНБ РУзКадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылына чейинки жер алдынан өткөн туннел.
Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылына чейинки жер алдынан өткөн туннел. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн чек арачылары иликтөө жүргүзүп, контрабандалык каналды уюштурууга тиешеси бар адамдарды тактап жатат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбек тараптын демилгеси менен "Өзбекстан" өткөрүү пунктунда эки өлкөнүн чек арачылары жолугушканын Sputnik Өзбекстан агенттигинин кабарчысына Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитети билдирген.

Тараптар Өзбекстандын Фергана облусундагы Алты-Арык районунун Бурболик айлынан Баткендин Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылына чейинки жер алдынан өткөн туннелдин табылышын талкуулашты. Бул тууралуу өзбек күч түзүмдөрү кыргыз тарапка 25-март күнү кабарлаган.

"Кыргызстандык кесиптештер туннелдин башы Кыргыз-Кыштакта жашаган Сэла Сапаева аттуу жаранга таандык үйдөн башталарын тактап беришти. Алгачкы териштирүүнүн материалдары бизге келди", — дейт комитет.

Өзбекстандын Фергана боюнча жана Кыргызстандын Айдаркен тилкеси боюнча кызмат өтөгөн чек ара башкармалыктарынын жетекчилери жолугушууда аталган туннелди казууга тиешеси бар адамдарды аныктоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0