Баткен казыяты I топтогу майып жаранга жардам көрсөттү

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМайып адамдын коляскасы. Архив
Майып адамдын коляскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казыят каражаттын суммасын жарыялабоону чечти. Учурда Токтомушовага казыяттан сырткары жергиликтүү жарандар тарабынан дагы колдоо көрсөтүлүп жатат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Баткен казыяты мүмкүнчүлүгү чектелген Касиет Токтомушовага жардам көрсөттү. Бул тууралуу Баткен казыятынын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев билдирди. 

"Касиеттин ата-энеси иштебейт. Жалгыз пенсиянын көзүн карап жашайт. Мындан улам мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун буйругу менен казыяттын кассасынан акчалай каражат бөлүнүп берилди", — дейт Авлиёев. 

Анын айтымында, казыят каражаттын суммасын жарыялабоону чечкен. Учурда Токтомушовага казыяттан сырткары жергиликтүү жарандар тарабынан дагы колдоо көрсөтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0