Бала бакча тарбиячылары наристелердин укугун өздөштүрүштү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын негизги максаты тарбиячыларды балдардын укуктары менен тааныштыруу болуп эсептелет. Семинар Чүй жана Ош облустарына караштуу бир катар райондордогу бала бакча тарбиячыларына өткөрүлдү.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы 20 бала бакчанын тарбиячылар наристелердин укугу боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Борбор калаадагы №25 мектептин курулушу быйыл башталат
Семинар Билим берүү министрлиги менен эл аралык Save the Children уюмунун ортосундагы келишимдин алкагында өткөрүлгөн.

Иш-чаранын негизги максаты тарбиячыларды балдардын укуктары менен тааныштыруу болуп эсептелет.

Маалыматка ылайык, семинарлар Чүй облусуна караштуу Кемин, Чүй жана Сокулук, Оштогу Араван менен Кара-Суу райондорунун бала бакча тарбиячыларына өткөрүлгөн. 

Тренингге катышкан 25 тарбиячы бала бакчалардагы көйгөйлөрдү жоюу боюнча долбоордук сунуштарды жазууну үйрөнүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0