Кечигүү, кур намыс… Кыргыз кайсы 7 сапатынан арылышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн бала. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир ирет куудулдар кыргыздарга сааттын кереги жоктугун айтып чыкканы бар. Анткени, бизди тойго бешке чакырса, жетиге барабыз. Ал эми өз убагында барсаң, кээде той ээси өзү келе элек болот. Андыктан эртең менен, түштө жана кечинде деп гана белгилөө сунушталган.

Бир жакка кечигип, же бирөөнүн көрө албастык кылып жатканын көрсөк "кыргызчылык" деп кутулабыз. Тилекке каршы, бул көрүнүш каныбызга сиңип калган. Чындыгында "кыргызчылык" — бул ыймандуулук, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү, эл камын ойлоо, намыстуулук. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги назарыңыздарга кыргыздар арылышы керек болгон жети сапатты сунуштайт. 

Женщина за чашкой чая. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз дипломатиясы: чайлашуунун 15 мааниси
1. Кечигүү — кыргыздарды тойго бешке чакырсаң жетиде келет. Анткени бизде кечигип келүү түшүнүгү калыптанып калган. Кээде тактыкка үйрөнүмүш этип тойго өз убактысында барсаң, той ээси келе элек болот. Анан баарыбыз аттиң кыла, немистердин тактыгына суктанып калабыз.

2. Көрө албастык — адам баласындагы бул жаман сапат баарында эле болсо керек. Пендечилик деген да бар эмеспи. Анткен менен пейилди кенен койсо баары жакшы болот. 

3. Кайдыгерлик — ааламды суу каптаса өрдөккө баары бир болгондой көп нерсеге кайдыгер карап коймоюбуз бар. Француздар ден соолугуна кабатырланып, алдын ала текшерилет экен. Орустар ооруп жатканда гана ооруканага барат. Ал эми кыргыздар өлүмгө аз калганда араң деп атып дарыгерге кайрылат. 

4. Тууганчылык — таанышың болсо таңкасың, болбосо… деген кеп жөн жерден чыккан эмес. Бул илдет өзгөчө чоң саясатта байкалып келет. Байкеси менен таякесине таянып, бамбуктай дүркүрөп өскөндөр арбын. 

5. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү — бул жаман сапат бардык өлкөлөрдө кезигет. Анткен менен бул сапатты кыргыздарга ыраа көрбөйм. Шайлоо өнөктүгү учурунда саясатчылар алакандай кыргызды экиге бөлүп, "биздин бала" деп калышат. Куш бир канаты менен уча албастыгын унутпасак. 

Касапчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ырымдары: кайсы досуң сага кас экенин билгиң келсе, баарын бешбармакка чакыр
6. Добуш сатмай — беш жылдык келечегибизди 500 сомго сатып туруп, беш жыл какшап гана өтөбүз го. Шайлоо алдында ашын жейбиз, концертин көрөбүз, үйдү оңдоттурабыз. Ал учурда сиз менен бизге акчасын чачып жаткан талапкер ичинен күйүнүп жатканы менен ишибиз жок. Анан эшеги ылайдан өткөн соң баягы 500 сомду жүз эселеп чыгарып алат.

7. Кур намыс — эл эмне дейт деп туруп, насыяга той өткөрөбүз. Жылдап чогулткан байлыгыбызды бапырап бир күндө чачабыз да, эртеси Россияга жөнөп кетебиз. 

Бул тизмекти сапаттар сизде бар-жогун байкап көрүңүз. "Канга сиңип калган" деп кол шилтеп койбой, аз да болсо ойлонуп, оң жагына оодарганга аракет кылып койсоңуз ашыкча болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0