Бишкектин борбордук бөлүгүндө беш күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Бул кадам оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жатат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаанын айрым жерлеринде табигый газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 18-апрелден 22-апрелге чейин, Лев Толстой, Элебаев, Кулатов, Байтик баатыр, Пудовкин, Горький көчөлөрүнүн чектешкен аймактарында жана "Кыргызавтомаш" заводунда убактылуу берилбейт. 

Бул кадам оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0