Курани Карим боюнча жарыштын финалы башталды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКуран китеби жана тесме. Архив
Куран китеби жана тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнтөн баштап үч күн бою Курани Карим боюнча жарыш өтүп, анда ар дубандан келген катышуучулардын арасынан мыктылар аныкталат.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Курани Карим боюнча жарыштын финалдык бөлүгү баштала турганын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Мааламытка ылайык, иш-чара Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 9.00дө башталмакчы. Анда катышуучулар 10, 20 жана 30 пара боюнча үч категорияда ат салышат. Жарыш 19-апрель күнү жыйынтыкталат.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн облустарында сынактар өтүп, жеңүүчүлөр республикалык жарышка жолдомо алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0