Өз өмүрүнө кол салган окуучулардын 78 пайызы жетиштүү турмушта жашагандар

© Фото / Jesse TherrienДевушка со спины. Архивное фото
Девушка со спины. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариева бардык милдетти мектепке жүктөп койбостон, ата-энелер дагы өз жоопкерчилигин сезүүсү керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Окуучулар арасында өз өмүрүнө кол салгандардын 78 пайызы жетиштиүү турмушта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары экенин билим берүү жана илим министри Элвира Сариева маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө атасы же апасы чет жакта мигрант болуп жүргөн балдар арасында өз өмүрүрүнө кол салгандар аз кездешерин баса белгиледи. Министр окуучулар арасында суициддик аракеттердин алдын алуу үчүн ИИМ, Социалдык өнүгүү жана Саламаттык сактоо министрликтери менен чогуу аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

"Азыр мектептерге социалдык педагогдорду киргиздик. Алар да өз иштерин аткарып жатат. Статистикалык маалыматтарга караганда өз мүрүнө кол салган окуучулардын саны өскөн эмес", — деди ал.

Сариева бардык милдетти мектепке жүктөп койбостон, ата-энелер дагы өз жоопкерчилигин сезүүсү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0