Ошто кызгалдактар жайнады

© Айша КамиловаСулайман-Тоонунда гүлдөгөн кызгалдак
Сулайман-Тоонунда гүлдөгөн кызгалдак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул гүл ысыкты жакшы көрөт. Ошого байланыштуу азыркы жылуу аба ырайы аларга жакшы шарт түзүүдө.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун боорун кызгалдак гүлү каптады. Көз жоосун алган гүлдүн жыпар жыты шаар тургундарынын маанайын көтөрүп, кызыгуусун арттырууда.

© Айша КамиловаОш шаарындагы Сулайман-Тоонун боорун кызгалдак гүлү каптады
1/3
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун боорун кызгалдак гүлү каптады
© Айша КамиловаКөз жоосун алган гүлдүн жыпар жыты шаар тургундарынын маанайын көтөрүп, кызыгуусун арттырууда
2/3
Көз жоосун алган гүлдүн жыпар жыты шаар тургундарынын маанайын көтөрүп, кызыгуусун арттырууда
© Айша КамиловаОш шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын директору Айгүл Наватова кызгалдактар апрель айында гүл ачаарын айтты.
3/3
Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын директору Айгүл Наватова кызгалдактар апрель айында гүл ачаарын айтты.
1/3
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун боорун кызгалдак гүлү каптады
2/3
Көз жоосун алган гүлдүн жыпар жыты шаар тургундарынын маанайын көтөрүп, кызыгуусун арттырууда
3/3
Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын директору Айгүл Наватова кызгалдактар апрель айында гүл ачаарын айтты.

Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын директору Айгүл Наватова кызгалдактар апрель айында гүл ачаарын айтты.

"Кызгалдактардын азыр ачылып турган учуру. Тилекке каршы алар бир, эки апта гана гүлдөйт. Буга чейин Ошто башка гүлдөр ачылса, кезек кызгалдакка жетти", — деди Наватова. 

Адис кызгалдак ысыкты сүйө тургандыгын, андыктан дал ушул учурдагы аба ырайы абдан ыңгайлуу шарт түзүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0