ТИМ: Япониядагы жер титирөөдөн жабыркаган КР жарандарынын бар-жогу иликтенүүдө

© REUTERS / KYODOПоследствия землетрясения в префектуре Кумамото, Япония
Последствия землетрясения в префектуре Кумамото, Япония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табигый кырсык кечээ саат 16.11де болгон. Учурда аймакта миңдеген үй-бүлө жарыксыз жана суусуз калганы айтылууда.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Японияда болгон катуу жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу иликтенип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ өлкөнүн түштүк-батыш жагында жайгашкан Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында 7 баллдык жер титирөө болуп, андан тогуз киши мерт кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча 1000ден ашуун адам жабыркаганы айтылууда.

Зилзаланын очогу 11 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жер титирөөдөн кийин дагы 100дөн ашуун майда силкинүүлөр болгон. Учурда кырсыктан жабыркагандардын 760ы ооруканага жаткырылды. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалыматы боюнча Кумамото префектурасында жашап эмгектенген кыргызстандыктар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0