Бишкектеги алдыңкы окуучулар балдар жана карылар үйүндө ишембилик өткөрөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүТемир шыпыргы. Архив
Темир шыпыргы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиликтин аягында балдарга "Кыргызфильмдин" алтын фондусунан "Эрте жаздагы турналар" кино тасмасы көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Эртең Бишкектеги мектептердин алдыңкы окуучулары шаардагы карылар, балдар үйүндө, адаптация борборлорунда ишембилик өткөрүп, айлана-тегеректи тазалайт. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынын социалдык бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган иш-чара "Мен таза болсом, сен таза болсон, коом да таза болот" деген ураандын алдында өтөт.

"Мектеп парламенттеринин окуучулары үч топко бөлүнүп, калаадагы атайылаштырылган мектептерде, майып балдардын реабилитация борборлорунда, кароосуз калган балдар багылган борборлорго, карылар үйүндө ишембилик өткөрөт",— деди социалдык бөлүмдүн кызматкери Жамиля Абирова.

Кыргызстанда мектеп окуучулары 100 миң көчөт отургузат
Ал балдар менен кошо калаанын жетекчилиги жана шаардык кеңештин депутаттарынын да катышарын кошумчалады.

Муну менен бирге аталган иш-чара 2014-жылдан бери окуучулар арасында иштеп келе жаткан "Жаш карек" долбоорунун негизинде жасалып жаткандыгын билдирди.

Ишембиликтин аягында балдарга "Кыргызфильмдин" алтын фондусунан "Эрте жаздагы турналар" тасмасы көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0