Башкы прокурор Батукаевдин канын алалбай жаткандыктарын айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКан алуу. Архив
Кан алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш прокурор депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Батукаевди түрмөдөн бошоткондордун күнөөсүн далилдөө үчүн алгач соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Азиз Батукаевди түрмөдөн бошоткондорду жазага тартуу үчүн аны Кыргызстанга алып келүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда КРдин башкы прокурору Индира Жолдубаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш боюнча бир жыл мурун Батукаевдин канынын үлгүсү алынган. 

"Бирок ал кан менен соттук экспертиза жасоо мүмкүн болгон жок. Анткени анын үлгүсү жараксыз болуп чыкты. Ошондуктан биз Россиядагы кесиптештерибизге кайрылып, Батукаевдин канынын үлгүсүн сураганбыз. Бирок Батукаев кан берүүдөн баш тартты. Мындан улам Россияга Батукаевди кайрып берүү боюнча өтүнүч кат жөнөттүк. Азырынча жооп келе элек", — деди Жолдубаева. 

Баш прокурор Батукаевди түрмөдөн бошоткондордун күнөөсүн далилдөө үчүн алгач соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү керектигин айтты. 

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 16 жылга кесилип, Нарында абакта отурган жеринде "аккан оорусуна чалдыккан" деген жүйөө менен түрмөдөн бошотулган. 

Ал Россияда кармалып, курал алып жүргөндүгү үчүн үч жылга камалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0