Өкмөт гемодиализге муктаж 118 жаран үчүн 60 млн. сом бөлдү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОоруканада дарыланып жаткан аял. Архив
Ооруканада дарыланып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бөйрөк оорусуна туш болгон 552 бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өкмөт Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна 118 жарандын гемодиализин каржылоо үчүн 60 миллион сом бөлүм бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда бөйрөк оорусуна туш болгон 552 бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат. Бир жолку процедура орточо эсеп менен 6000 сомдон 7500 сомго чейин бааланып келет.

Токтомго ылайык, аталган фонд менчик медициналык борборлор менен түзүлгөн келишимдин негизинде бейтаптын бир процедурасы үчүн 4500 сом төлөп берсе, калган 2000-2500 сомду жаран өзү төлөйт.

Гемодиализ — бөйрөк оорусуна туш болгон адамдын канын тазалоочу процедура.

Жаңылыктар түрмөгү
0