БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүнтөн баштап 16-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кар көчкү Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-137 жана 198-250-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 75-83-чакырымдарында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 70-80-чакырымдарында түшөт.
Мындан улам жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Буга байланыштуу министрлик унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет.
Шашылыш билдирүү тууралуу маалымат Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилип, элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.