Кыргызстандын окуучуларына терроризмдин алдын алуу боюнча лекциялар окулууда

© Фото / пресс-служба УВД города Жалал-Абад"Ислам мамлекети" тууралуу буклет. Архив
Ислам мамлекети тууралуу буклет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме түшүндүрүү иштерин аймактардагы муфтияттын өкүлдөрү жүргүзүп жатканын айтып, келечек муундун туура багытта тарбияланышына өбөлгө болорун белгиледи.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарындагы мектеп окуучуларына дин кызматкерлери терроризмдин алдын алуу, ата-энени урматтоо, ислам дини тууралуу түшүндүрүү лекциялары окулууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Бишкек, Ош, Майлы-Суу шаарлары менен Аламүдүн районунда болуп өттү. 

Мекеме түшүндүрүү иштерин аймактардагы муфтияттын өкүлдөрү жүргүзүп жатканын айтып, келечек муундун туура багытта тарбияланышына өбөлгө болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0