"Бир тууганчиктер" Кыргызстандын саясатында

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКол кармашып турган адамдар. Архив
Кол кармашып турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын саясий айдыңында "эки чылбыр, бир тизгинди" чогуу тарткандар кимдер?

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Темир Сариев премьерликтен кеткенден кийин анын ордуна Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбековдун агасы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Мындан улам иниси агасына жол бошотуп спикерликтен баш тартты. Кошумчалай кетсек Жээнбековдордун улуусу Жусупжан Шарипов учурда КРдин Кувейттеги элчиси кызматын аркалайт.

Кыргызстандын саясый турмушунда ага-ини, аял-күйөөсү, атасы-кызы, сыяктуу жакын адамдардын бийлик бутактарында чогуу иштегени жашыруун деле эмес.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бийлик тизгинин "чогуу" тарткан туугандарды тизмектеп көрүүгө аракет кылды.

Исаевдер

Азыр Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевдин агасы Талант Исаев учурда ИИМдин адистештирилген мамлекеттик коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси. Буга чейин ИИМдин Жол кайгуул кызматын башкарган.

Эже-ини

Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп иштеп жүргөн Болот Отунбаев экс-президент Роза Отунбаеванын иниси. Буга чейин ал КРдин Германиядагы элчиси болгон.

Ата-бала

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев экс-депутат Эргеш Төрөбаевдин баласы.

Атасынын кыздары

КСДП партиясынын тизмеси менен VI чакырылышка депутат болуп келген Элвира Сурабалдиева маркум экс-депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы. Сурабалдиевди 2005-жылы Бишкектен атып кетишкен.

Ал эми туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору Турусбек Мамашевдин кызы Айсулуу Мамашева учурда Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат.

Үч бир тууган

Спикер Жээнбеков: агам премьерликке сунушталып жаткандыктан, кызматымды тапшырдым
"Бир бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев Айдарбек Керимкулов менен Медетбек Керимкуловдун бир тууганы. Айдарбек Керимкулов учурунда бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Анын ичинде, Дене тарбия жана спорт агенттиги, мамлекеттик кызмат боюнча агенттикти жетектеген. Ошондой эле депутат да болгон. Ал эми Медетбек Керимкулов Бишкек шаарынын мэри жана министрлик кызматтарды ээлеген. Учурда КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору. Мыктыбек Абдылдаев өзү башкы прокурор, ички иштер министри да болгон.

Аял-күйөөсү

"Кыргызстан" партиясы менен ЖКге депутат болуп келген Чолпон Султанбекова маркум экс-депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы. Эркинбаевди 2005-жылы атып кетишкен.

"Республика – Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген Динара Исаева учурунда мэрликтен премьер-министрликке чейин көтөрүлгөн Данияр Үсөновдун аялы.

Ага-ини

"Ата Мекен" партиясынан депутат болгон Садык Шер Нияз экс-депутат Болот Шердин иниси. Садык Шер Нияз Убактылуу өкмөт учурунда маданият министрлигин жетектеген. Ошондой эле көп жылдан бери "Айтыш фильм" киностудиясын жетектеп келет.

Баягылар тууралуу да баян кылабыз. Учурунда бийлик бутактарына келгендер жөнүндө 

Бир кездери өлкөнү башкарган Курманбек Бакиевдин бир туугандары маанилүү делинген орундарды ээлешкен.

Курманбек Бакиев — президент. Иниси Жаныш Бакиев жана уулу Марат Бакиев — УКМКнын төрагасынын орун басары болушкан.

Жаныш Бакиев Мамлекеттик кайтаруу кызматынын төрагасы да болгон. Максим Бакиев — Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктен жетекчиси.

Депутат туугандар 

Экс-депутат Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова да депутат болгон. Бирок, кийин өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Ал эми Курманбек Осмонов убагында Конституциялык соттун мүчөсү, Жогорку соттун төрагасы болуп иштеген.

Маркум экс-депутат Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева да ЖК депутаты болгон. Санжар Кадыралиевди 2009-жылы атып кетишкен.

Мамытбай менен Аскар Салымбековдор Жогорку Кеңештин депутаттары болгон. Ал эми Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты.

Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков: премьерлик кызмат түшүмө да кирген эмес
Айыл-чарба министрлигинин мурдагы жетекчиси Чынгысбек Узакбаевдин бир тууганы Талантбек Узакбаев V чакырылышта "Ар-Намыс" фракциясынан депутат болгон.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин мурдагы жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун баласы Равшан Жээнбеков V чакырылышта депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик мүлк фондун, КРдин Малайзиядагы элчиси болуп иштеген.

Экс-депутат Урмат Аманбаеванын иниси Бакыт Аманбаев учурунда Омбудсмен болгон. Мурдагы эл өкүлү Аманбаева коррупциялык иштерге тийиштиги бар деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Мурдагы депутат, ички иштер министри жана башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболова Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон.

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун баласы Аскар Айтматов учурунда Тышкы иштер министри болсо, кызы Ширин Айтматова V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Күч органындагы Конгантиевдер

Мурдагы башкы прокурор, депутат Камбаралы Конгантиевдин тууганы Молдомуса Конгантиев ички иштер министрлигин башкарган. Ал эми Камбаралы Конгантиевдин баласы Кубанычбек Конгантиев учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0