Бишкекте гемофилияга каршы күнү белгиленет

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКан анализи. Архив
Кан анализи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын 14-апрелинде Бишкектеги медициналык колледжде гемофилияга каршы күнү өтөт. Анда бардык каалоочулар келип кан тапшырса болот.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте эл аралык гемофилияга каршы күнү белгиленет. Бул тууралуу гемофилия менен ооругандардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурбек Орозалиев билдирди. 

Бири бээ, бири төө деп жыйынтык чыгарган лабораторияларга министрлик чара көрө албайт
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 14-апрелинде Бишкектеги медициналык колледжде саат 9:00дон 14:00го чейин гемофилияга каршы күнү өтөт. Анда бардык каалоочулар келип кан тапшырса болот. Аларга атайын белектер каралган. 

Ал эми 15-апрель күнү саат 9:00до гемофилия менен ооругандар жана алардын туугандары нааразычылык акциясына чыгып, анда илдетке чалдыккандарды дары-дармектер менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлөт. 

Гемофилия — кан плазмасында канды уютуучу факторлордун жетишсиздиги. Бул илдетке чалдыккандардын бир жери канаса аны токтотуу өтө кыйын болуп, өмүргө коркунуч жаралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0