ЖКда кылмыш иши козголгон депутаттарга маяна берүүнү токтотуу демилгеси көтөрүлдү

Жазылуу
Буга чейин эл өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга кармалганда маяна жана башка кошумча төлөмдөр төлөнүп келген.

БИШКЕК,12-апр. — Sputnik. Эл өкүлү Аида Салянова "Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу" жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат.

Демилгечинин айтымында, мыйзамда кемчиликтер болгон. Буга чейин эл өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга алынганда маяна жана башка кошумча төлөмдөр төлөнүп келген. 

"Мыйзамдагы кемчиликти жоюу үчүн депутат кылмышка шектелип кармалган учурдан тартып ага төлөнүүчү төлөмдөр токтотулат", — деп жазылат мыйзам долбоордо. 

Столдо отурган аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миллионер болбосоң эс ал! Президенттикке талапкер болууга миллион керекпи?
Депутат кармалып турган учурда чогулган маяна эгерде ал депутат акталса ага төлөнүп, тескерисинче, жазага тартылса мамлекеттин эсебине которулат. 

Мурунку чакырылыштын айрым депутаттарына кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда аларга маяна чыгып турган. Мисалга, Нариман Түлеевге 2,5 жылга созулган тергөө учурунда 1,7 миллион сом маяна чыккан. Ал эми Ахматбек Келдибековго болсо 1,2 жылда 1,1 миллион сом маяна каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0