Жогорку сот зордукталган тестиер боюнча мурдагы өкүмдү жокко чыгарды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын зордукталышы боюнча иш райондук сотто 1-2 айдан кийин кайрадан карала турган болду.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку сот бүгүн Эрлан Дөлөновго карата чыккан Бакай-Ата райондук жана Талас облустук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аны кайра кароо үчүн Бакай-Ата райондук сотуна жиберди. Бул туурасында жабырлануучу тараптын жактоочусу Чолпон Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Молоток судьи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жети жашар Даниелди өлтүрдү деп шектелген аял 25 жылга кесилди
Жабырлануучу тарап 14 жашар кызды Эрдан Дөлөнов зордуктап келген деген арыз менен 2015-жылдын 29-июлунда Бакай-Ата райондук ички иштер органына кайрылып, иш тергелип, сотко өткөн. Бакай-Ата райондук сотунда каралып, сот Дөлөновду шарттуу түрдө эки жыл мөөнөт менен эркинен ажыраткан. Буга нааразы болгон кыздын туугандары экинчи инстанцияга — Талас облустук сотуна кайрылган. Аталган соттун отуруму 2016-жылдын 21-январында болуп, ал Бакай-Ата райондук соттун өкүмүн өзгөрүүсүз калтырган. 

Эки инстанциянын өкүмүнө нааразы болгон тарап Жогорку сотко аппеляциялык арыз жолдогон.

"Биз райондук жана облустук сот туура эмес, адилетсиз чечим чыгарды деп эсептейбиз. Андыктан жогорку инстанцияга кайрылдык", — деп билдирген жабырануучу тараптын өкүлү, зордукталган делген кыздын эжеси Рахима Айкымбаева. 

Жабырлануучу тараптын жактоочусу бүгүн иш кайрадан каралуу үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүлгөндүгүн айтты. 

Жогорку сот буга чейинки Бакай-Ата райондук жана Талас облустук сотунун чечимдерин жокко чыгарды. Кудайбердиева эми ал жакта иш 1-2 ай ичинде, май айынын аягы июндун башы менен караларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0