Бишкектин троллейбустарында акысыз Wi-Fi иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги троллейбустун салону. Архив
Бишкектеги троллейбустун салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия бул аракетти коомдук унаага жасалуучу ири масштабдуу мониторингдин алдындагы алгачкы кадам деп эсептейт.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектин троллейбустарында акысыз Wi-Fi иштей баштаганын мэрия билдирди. 

Маалыматка ылайык, жеке компания №8, 10 жана 11-троллейбустарына зымсыз интернет орнотуп берген.

Мэрия бул аракетти коомдук унаага жасалуучу ири масштабдуу мониторингдин алдындагы алгачкы кадам деп эсептейт.

Роутерлер башка троллейбустарга коюлбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0