УКМК: ИИМдин штаттан тышкаркы кызматкери ай сайын опузалап жарандан акча алып турган

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана акча. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр милиция кызматкерлеринин коркутуп-үркүтүүсүнөн кыргызстандык жаран 125 миң сом берип кутулган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. ИИМдин баңгизатка каршы бөлүмүнүн штаттан тышкаркы кызматкери 15 миң сом пара алып жатып кармалганын УКМК билдирди.

Аталган кызматкер ИИМдин коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте колго түшүрүлгөн.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта подполковник пара берип жатып кармалды
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына 18-январь күнү жаран арыз менен кайрылган. Анда милиция кызматкерлери кылмыш ишин козгоо жана баңгизат салып коюу аракети менен опузалап, былтыркы жылдын май айынан бери ай сайын 25 миң сомдон алып келишкени айтылган.

5-апрель күнү аталган кызматкер кезектеги 15 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Билдирүүдө 2015-жылдын май айынан ноябрга чейин арыз ээси 125 миң сомунан кол жууганы айтылат. 

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 жана 313-беренелеринин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголду. 

Эки күндөн кийин Биринчи Май райондук соту кармалган кызматкерди №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0