Бала бакчаларды газдаштырууга 40 жыл мурун кабыл алынган эреже жол бербейт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда буга мыйзам жол бербейт. Бир катар суроо-талаптардан улам ишкана мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Мыйзам жол берсе "Газпром Кыргызстан" ишканасы бала бакча, мектеп, оорукана, эс алуу жайларын газ менен камсыздоого даяр. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айрым жерлеринде 5 күнгө газ өчүрүлөт
Маалыматка ылайык, газ системасына кошулган көптөгөн 41 абонент учурда бала бакча болуп өзгөргөн. Бул объектилер былтыр 1 миллион 520 миң сомдук көгүлтүр от пайдаланган.

Бирок мыйзам боюнча бала бакчаларды, орто мектептер, театрлардын буфеттери, ооруканалар, санаторийлер, эс алуу жайларын, балдар лагерлерин газдаштырууга тыюу салынат. 

Аталган объектилер газ менен жылыгандыктан, системаны өчүрүү алардын жабылышына алып келет. Жылуулук сезонунун аякташы менен "Газпром Кыргызстан" бала бакчаларды газ системасынан ажыратуу чечимин кабыл алган. 

"Бирок учурда мамлекетте жеке балдар бакчаларынын саны өсүп жатканы байкалууда. Алардын көбү электр энергиясын пайдаланат. Бирок анын көлөмү аз болгондуктан, тамак бышырууда жана имаратты жылытууда бир катар көйгөйлөр жаралып келет. Мындан улам бул мекемелер бизден газ системасына кошууну өтүнүшүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, аталган объектилерди газ менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүп берүүнү сунуштоодо.

Мекеме сигнализация жана вентиляция системаларын орнотуп, өрткө каршы чараларды көрүү менен бул маселени чечүүгө болорун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0