Мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилинен сабактар өтүлүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тилин үйрөнүү китеби. Архив
Кыргыз тилин үйрөнүү китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча "Кыргызтест" тестирлөөсүнө даярдык көрүү үчүн окуу курсу үч айга созулат.

БИШКЕК, 12-апр. – Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана ШИИБ кызматкерлери үчүн мамлекеттик тил боюнча сабактар өтүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Окуу курсу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жатат.

Электрондук клавиатурадагы кыргызча тамгалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айрым тамгалардан баш тартуу сунушталууда: алфавит маселеси айланы кетиреби?
Маалыматка ылайык, семинардын практикалык бөлүгүндө кызматкерлер иш кагаздардын түрлөрү боюнча тапшырмаларды даярдап, өтүлгөн темалар боюнча суроолорго жооп беришүүдө.

Катышуучуларга иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча электрондук материалдар, "Кыргызтесттин" талаптары А1, А2, В1,В2,С1" китебинин, "Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн" электрондук варианттары жана "Орусча-кыргызча сүйлөшмө" китепчелери берилди.

Мамлекеттик тилди үйрөнүү (А2, В1 деңгээлдери) боюнча "Кыргызтест" тестирлөөсүнө даярдык көрүү үчүн окуу курсу үч айга созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0