БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Индия менен аскерий чөйрөдө кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган.
Макулдашууга ылайык, эки өлкө материалдык каражат жана кызматтарды берүүнү ичине камтыган аскерий-техникалык кызматташтык, ошондой эле согуш техникасы боюнча эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырат.
Мындан тышкары, мамлекеттик коргонуу ишканаларынын ортосундагы ар кыл чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты, технологияларды жана техникалык жардам берүүнү, окутууну, продукцияны биргелешип өнүктүрүү жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону ичине камтыган коргонуу өнөр жайы, согуш илими жана технологиялар чөйрөсүндө кызматташат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.