Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайда жаткан атка минерлердин абалын көрдү

© пресс-служба Жогорку КенешаАкыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив
Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубат Оторбаев президенттин мурунку аппарат жетекчилери Данияр Нарынбаев, Каныбек Жороев, мурунку баш прокурор Нурлан Турсункулов, "Альфа-Телеком" ишканасынын мүдүрүнүн мурунку кеңешчиси Алмазбек Абеков, мурунку депутат Максат Кунакуновдор менен жолукту.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы убактылуу кармоо жайында жаза өтөп жаткандардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган институттун маалымат кызматы билдирди. 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Зумрад Жанабаеванын камакка алынышын ашкере катуу чара деп эсептейт
Акыйкатчы президенттин мурунку аппарат жетекчилери Данияр Нарынбаев, Каныбек Жороев, мурунку баш прокурор Нурлан Турсункулов, өкмөт башчынын мурунку аппарат жетекчиси Алтынбек Муралиев, "Альфа-Телеком" ишканасынын мүдүрүнүн мурунку кеңешчиси Алмазбек Абеков, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов, мурунку ички иштер министринин орун басары Кубанычбек Кадыров, коомдук ишмер Эрнест Карыбеков, экс-депутат Максат Кунакуновдор менен жолукту. 

Анда Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Максат Кунакуновдор коюлган күнөөлөрдү моюнга албай тургандыктарын айтышкан. 

Иш-чарадан кийин Оторбаев билдирүү таратып, убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткандарды кыйноо, уруп-сабоо болбогонун, аларга кызматкерлер татыктуу мамиле жасап жатканын айткан. 

Мындан сырткары, акыйкатчы аталган жайда медициналык кароо талапка жооп бербей турганын, дары-дармек менен камсыз кылуу маселесин чечүү зарылдыгын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0