Бишкекте 9 миң адам катышкан "Ислам — тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу сынагы өттү

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечитте баян окуу. Архив
Мечитте баян окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чараны муфтият, Кыргызстан ислам университети жана "Адеп Башаты" коомдук фонду уюштуруп келет.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында өткөн "Ислам — тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу сынагы өтүп, ага тогуз миң адамдын катышканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жыл сайын өтүп келүүчү иш-чараны муфтият, Кыргызстан ислам университети жана "Адеп Башаты" коомдук фонду уюштуруп келет. 

Университеттин ректору Марс Ибраев конкурс жылдан жылга сапатын жакшыртып келе жатканын белгиледи.

"Бул дагы чек эмес. Иш чара ислам дининин, пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр таржымалын билүүдө, элибизге туура динди жеткирүүдө өзүнүн эбегейсиз чоң салымын кошуп келүүдө", — деди ректор.

Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга баруу үчүн эмнелерди билүү керек
Китеп окуу конкурсу Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлдү. Конкурстун байге фонду — 400 миң сом жана үч кичи ажылык.

Республикалык "Ислам — тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу конкурсунун ачылыш салтанатына Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, КИУнун ректору Марс Ибарев жана "Адеп Башаты" коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

Сынактын жыйынтыгы 20-апрель күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 14:00дө чыгарылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0