БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ала-Бука районунда бир миллион куб көлөмдөгү зыяндуу калдыктарды сактоочу жай курулуп бүттү. Бул тууралуу Иштамберди тоо-кен ишканасынын башкы инженери Сулайман Кошалиев инспекциянын мүдүрү Канатбек Муратбековдун ишкананы текшерүүсү учурунда билдирди.
Мамэкотехинспекция зыяндуу ишкананын калдыктар сакталуучу жайынын экологиялык нормаларга туура келбегендигине байланыштуу ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон. Бүгүнкү күндө ишканада оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып, калдык сактоочу жай июнь айында толук кандуу колдонууга берилет.
Кошалиев ишкана жылына 780 килограмм алтын өндүрүүнү мерчемдеп жатканын, жаңы курулган жай алтын өндүрүүдө колдонуларын кошумчалады.