Аба ырайынын суукташынан улам ӨКМ күчөтүлгөн режимге өттү

Жазылуу
Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарында нөшөрлөгөн жаан жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетери күтүлүүдө.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын начарлашынан улам күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүп жатканын билдирди.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарында нөшөрлөгөн жаан жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетери күтүлүүдө.

Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алдыдагы 3-4 күндө аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкө аймагында үшүк жүрөт
Маалыматка ылайык, күн 9 градуска чейин жылыйт.

Ошондой эле 9-10-апрелде Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан жаап, түнкүсүн тоо этектеринде ал карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Мындан улам министр Кубатбек Боронов ӨКМнын күчөтүлгөн режимде иштөөсү боюнча буйрукка кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0