Зордукталган тестиер. Табылбаган чындык. Ишенич эми Жогорку сотто

Жазылуу
Талас облусунда тестиер кызды зордуктады делген адамдын үч баласы бар. Учурда бул иш боюнча райондук жана облустук сот аны шарттуу кескен. Жабырланган тарап эми акыркы үмүтүн акыркы инстанцияга артып отурат.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Рахима Айкымбаева тестиер кызды зордуктады деген кишиге Бакай-Ата райондук жана Талас облустук сотунун чыгарган өкүмүнө нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылды.

Айкымбаеванын айтымында, анын тестиер сиңдисин атасынын бир тууган агасынын баласы Эрлан Дөлөнов зордуктап жүргөн. Ал бирок, соттон адилет чечим чыкпай жатат деген пикирин айтты. 

"12 жашынан баштап сиңдим зордукталып келген. Ал киши 2012-жылдан тарта башында эмчек-башын кармаласа, кийин 2014-жылдан тарта бир нече ирет зордуктап, кыз менен жыныстык катнашта болгон", — деди Айкымбаева.  

Окуя билингенден кийин эжеси 2015-жылдын 29-июлунда Бакай-Ата райондук ички иштер органына арыз менен кайрылып, иш тергелип, сотко өткөн. Алты айдан кийин, 2-декабрда иш Бакай-Ата райондук сотунда каралып, сот Дөлөновду шарттуу түрдө 2 жыл мөөнөт менен эркинен ажыраткан. 

Новорожденный ребенок держится за руку отца - Sputnik Кыргызстан
Нарында 14 жаштагы кыз төрөп, зордуктоого шектелген жаран кармалды
Дөлөновго карата чыгарылган өкүмдө "Кылмыш жаза кодексинин (КЖК) 132-статьясы менен күнөөлүү деп табылсын жана 3 жылга эркинен ажыратылсын", — деп жазылган. Ошол эле өкүмдө "КЖКнин 63-статьясын колдонуу менен жазадан шарттуу бошотулуп, эки жыл сынак мөөнөтү белгиленсин. Белгиленген сынак мөөнөтүндө жаңы кылмыш жасабаса жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарса өкүм аткарылбасын", — деп кошумчаланган. Сотко Ташкараева судьялык кылган.

Жабырлануучу тарап экинчи инстанцияга — Талас облустук сотуна кайрылган. Аталган соттун отуруму 2016-жылдын 21-январында болуп, ал Бакай-Ата районунун сотунун өкүмүн өзгөрүүсүз калтырган.

"Дөлөнов айылда Кудай жолуна түшүп, намаз окуп жүргөндүктөн алгач, эч ким андан шек санаган эмес. Мындай арам иштерин кылганда ал 35 жашта экен. Кийин бул окуяны анын аялынан угуп, анан кыздан сурап, иштин чоо-жайын билип жатпайбызбы", — деди көз жашын төккөн эжеси.

Таластагы туугандар арасында болгон үрөй учурган окуя боюнча Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева аларга жабырлануучу тарап кайрылгандыгын айтты.

"Бизге кайрылгандан кийин бул жерде аткара турган иштерибизди жасап, документти республикалык Акыйкатчы институтуна жибергенбиз. Учурда ал жакта адистер тарабынан дыкат иликтенип жатат", — деди Момунтаева.

Акыйкатчынын өкүлү бул иште сот органдарынын өзүнүн, нааразы тараптын өзүнүн пикири болуп жатканын кошумчалады. 

"Бул маселе бизге белгилүү, аны кылган киши аталаш тууганы экен. Маселе улам татаалданып бара жатат. Сотко болгон нааразычылыктарды көп уктум. Соттор менен сүйлөшүп көрсөм, алар таянган фактылары бар экен, маселен, сперманы өз учурунда албай убакыт өткөрүп жиберген. Ушундай сыяктуу дагы бир катар жагдайларга токтолушту", — деди ал. 

Ал эми Талас облустук сотуна кайрылганыбызда, өкүлү чыгарылган өкүм боюнча комментарий бере албастыгын, иш кийинки процессте белгилүү болорун айтты.

Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Денесин ит жеген ымыркайдын энеси аны багууга шарты жоктугунан таштап кеткен
"Бул иш боюнча кылмыш иши ачылып, Бакай-Ата райондук сотунда 2015-жылдын 2-декабрында өкүм чыккан. Эки жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Андан кийин Талас облустук сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиянын аныктамасы 2016-жылдын 21-январында чыккан. Анда Эрлан Дөлөнөв боюнча Бакай-Ата сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Ал боюнча комментарий берүүгө укугубуз жок, соттун аныктамасы кандай болуп чыккандыгын эле айтып бере алабыз. Иш эми Жогорку сотто каралат", — деди Талас облустук сотунун маалымат катчысы Гүлнара Калназарова.

Эми жабырлануучу тарап акыркы үмүттү Жогорку сотко артып турат. Айкымбаеванын айтымында, 11-апрелде бул иш Бишкекте Жогорку сотто каралат. 

"Кыздын тагдыры талкаланып турат, келечеги оор. Мектепке да барбай калды, учурда жашыруун түрдө дарыланып жатат. Акыйкаттык болот деген ишеним менен Жогорку сотко арыздандык", — деди ал. 

 Ал эми Эрлан Дөлөновдун эжеси Жылдыз инисинин мындай ишке барганына ишенбей турганын айтты.

"Экспертизадан кыздын кыздык белгиси жок болуп, ал эми алардын бири-биринен спермалары чыккан жок. Мен инимди андай жолго барат деп ойлобойм. Үй-бүлөсү, үч баласы бар. Ал кезде үйдөгү оорукчан атамды карачу. Бейчеки басчу эмес. Ичкилик ичпейт эле",— деди эжеси.  

Ал инисин үлгүлүү адам деген пикирин кошумчалады. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0