Баткендин Сох району менен чектешкен Апкан айылында заманбап мектеп курулат

Жазылуу
Жаңыдан салынып жаткан мектептин сметалык баасы 37 миллион сомду түзүп, ал заман талабына ылайыкталат.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Баткендин Апкан айылында заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Баткен районундагы Апкан айылында жаңы мектептин пайдубалын түптөө аземине катышты. 

"Жаңыдан салынып жаткан мектептин сметалык баасы 37 миллион сомду түзөт. Ашкана, спорт залы, мектеп 150 орундуу болот", — деп айтылат маалыматта. 

Райондон 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Апкан айылында 250 кожолук жашайт. Жениш Разаков бүгүнкү күнгө чейин Баткен району боюнча жалпысынан 11 мектеп курулганын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0