Апрель революциясынан жабыркаган 630 адам жөлөк пул алып келет

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАла-Тоо аянтындагы апрель революциясынын катышуучулары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы апрель революциясынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет апрель, май жана июнь окуяларынан жабыркаган жарандарга 869 батир берген. Алардын ичинен 162 батир Апрель революциясынан жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө берилген.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Апрель революциясынан жабыркаган 630 жаран мамлекет тарабынан ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул алып келет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Жөлөк пул 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында каза болгондордун жакындары менен үй-бүлөлөрүнө 3 миң 700 сомдон берилип келет", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, мамлекет апрель, май жана июнь окуяларынан жабыркаган жарандарга 869 батир берген. Алардын ичинен 162 батир Апрель революциясынан жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0