Кыргызстанга Таиланддын канбийкеси келди

© AP Photo / Khin Maung WinТаиланддын канбийкеси Маха Чакри Сириндхорн. Архив
Таиланддын канбийкеси Маха Чакри Сириндхорн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар Кыргызстан менен Таиланддын өз ара кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө болуп бермекчи.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу Таиланддын канбийкеси Маха Чакри Сириндхорн келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Рсмий иш-чаралардын алкагында канбийке президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, Кыргызстандын бир катар билим берүү жана маданий борборлоруна барат.

"Канбийкеге Кыргыз улуттук университеттин ардактуу профессору наамы тапшырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ Таиланд канбийкесинин сапары эки өлкөнүн мамилелерин жандандырып, өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0