Баткенде 7-апрелге карата эскерүү митинг болуп өттү

© пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиБаткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Жеңиш Разаков.
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Жеңиш Разаков. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунан апрель окуясына 20га жакын жаран катышкан. Алардын ичинен алтоо курман болуп, үчөө жаракат алган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Баткен облусунда 7-апрель Элдик революциясында курман болгондорго арналган эскерүү-митинг өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. 

© пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиБаткен облусунда 7-апрель Элдик революциясында курман болгондорго арналган эскерүү-митинг өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмө өттү
Мероприятие посвященное погибших и пострадавших 7 апреля 2010 года в Баткене  - Sputnik Кыргызстан
Баткен облусунда 7-апрель Элдик революциясында курман болгондорго арналган эскерүү-митинг өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмө өттү

Иш-чарага Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Жеңиш Разаков, Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Кенеш Салихов, Баткен шаарынын мэри Гапар Матказиев, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: 7-апрель бара-бара ыйык майрамга айланарына ишенем
Разаков апрель окуясынын алты жылдыгы жана анда курман болгондор тууралуу сөз сүйлөп, бийликтин күчү — элдин ишениминде экенин белгиледи. 

Митингде апрель окуясында шейит кеткендерди эскерүү күнүнө карата куран окулду. 

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмө, Үркүндүн 100 жылдыгына жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Эскерте кетсек, Баткен облусунан апрель окуясына 20га жакын жаран катышкан. Алардын ичинен алтоо курман болуп, үчөө жаракат алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0