Атамбаев: 7-апрель бара-бара ыйык майрамга айланарына ишенем

Жазылуу
Мамлекет башчы бул дата бир топ күнгө чейин көз жаш менен коштолорун белгиледи.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрель Элдик апрель революциясынын алты жылдыгына байланыштуу элге кайрылып, бул күндүн жаӊы майрам деп аталышы менен куттуктады.

Ал бүгүнтөн баштап өлкөнүн расмий майрамдарынын катарына дагы бир дата – 7-апрель – Элдик апрель революция күнү кошулгандыгына токтолуп, анын себебин түшүндүрдү.

"Кантип ушунча жараныбыз шейит болгон, кайгы менен муңга толгон күн майрам болот дегендер да бар. Бул суроолорго дароо жооп бербесек болбойт, анткени бул ыйык күндөрдү да сасык саясий оюнга айлантам дегендер аз эмес",— деп айтылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Президент бул дата бир топ күнгө чейин көз жаш менен коштолорун айткан.

"Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы, көз жаш аралаш болот. Бирок, мен 7-апрель бара-бара эң сүйкүмдүү, шаӊдуу, кыргыз эли үчүн салтанаттуу, ыйык майрамдардын бирине айланарына ишенем", — деген ал.

Атамбаев кайрылуусунун аягында элди жаӊы майрамы менен куттуктап, кыргызстандыктарга ынтымак каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0