Ошто даават иштерин жөнгө салууну көздөп жатышат

© Фото / cercamonОш шаарына көрүнүш. Архив
Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узак мөөнөткө бир райондон экинчисине дааватка чыга тургандар муфтияттан алган кагаздарын облустук казыятка каттатуусу зарыл.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Ош облусунун казыяты даават иштерин жөнгө салуу максатында муфтият бекиткен атайын жобону райондук хатибияттардын адистери арасында түшүндүрүү иштерин баштады. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

"Казыяттын өкүлү Нургазы Эрматов облустун райондорунда 40 күнгө жана төрт айга дааватка чыга турган жана башка тараптан келген жарандар муфтияттан алган уруксат кагаздарын казыятка каттатып туруусу зарылдыгын айтты", — деди билдирди маалымат кызматы.

Эрматов бир райондон экинчи районго дааватка чыккан жарандар уруксат кагаздарын казыятка каттатуу зарылдыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0