Кайгуул милициясы унааларды кайсы учурда токтотпойт

Жазылуу
Кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловдун билдиришинче жол эрежесин бузгандар гана токтотулат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Автоунаалар Кайгуул милициясы тарабынан негизсиз токтотулбайт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев ИИМдин алдындагы коомдук кеңештин жыйынында билдирди. 

Ал кошумчалагандай эгерде "Перехват" планы жарыяланган болсо милиция кызматкерлери унааларды токтотууга укуктуу. 

"Мындай учурда кылмышкерди колдон чыгарбоо үчүн бардык унаалар токтотулат. Ал эми жарандар мыйзамды бузбай, жайбаракат бара жаткан болсо Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнсүз токтотууга акысы жок", — дейт Орозалиев. 

ИИМ: тартип бузган кайгуул милиционерлерин иштен кетирүүгө чейин чаралар көрүлөт
Ал эми Кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов Кайгуул милициясы жол эрежесин бузгандарды гана токтото турганын белгиледи. 

Эске сала кетсек, Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматы бириктирилип Патрулдук милиция түзүлгөн. Ал 1-апрелден тарта Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштады. Ал эми 1-июндан баштап Кыргызстандын башка аймактарында дагы кызматка киришет. 

Жаңы түзүлгөн кайгуул милициясы тууралуу толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0