БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Аксы районунун тургундары WhatsApp-канал аркылуу Ала-Бука тарапка БТР жана аскерлер өткөнүн кабарлады.
Окурман аскерлер менен БТРдин сүрөтүн жөнөткөн.
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуАла-Бука тарапка өткөн БТР жана аскерлер
Ала-Бука тарапка өткөн БТР жана аскерлер
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Мамлекеттик чек ара кызматынан бул көрүнүштү КРдин куралдуу күчтөрүнүн аскердик машыгуулары болушу мүмкүн деп түшүндүрдү.
Башкы штабдын маалымат кызматы келерки аптада Баткен облусунда аскер машыгуулары өтөрү пландалганын тастыктады.
"Бул алдыдагы аскер машыгууларына даярдык", — деди маалымат кызмат.
Анын айтымында, аскер машыгуулары былтыркы жылы эле пландалган.
Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды биздин Whats App каналыбызга +996 706 566 544 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.