Эртеңки дем алыш тууралуу бала бакча менен окуу жайлар факс аркылуу маалымдар болот

Жазылуу
Эске сала кетсек бүгүн, 6-апрелде президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди эс алуу күнү кылуу боюнча мыйзамга кол койду.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 7-апрель — дем алыш күн боюнча маалыматты мектеп, бала бакча жана ЖОЖдорго факс жана электрондук дарек аркылуу жөнөтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттинен билдирди. 

Бүгүн, 6-апрелде президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди эс алуу күнү кылуу боюнча мыйзамга кол койду. 

"Президенттин 7-апрелди эс алуу күнү кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун жаңы гана билдик. Буга ылайык эртеңки күн жөнүндөгү маалыматты мектеп, бала бакча жана ЖОЖдорго факс жана электрондук дарек аркылуу жеткиребиз", — дейт маалымат кызмат. 

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекичиси Сауле Мейрманованын билдиришинче, шаардык метептерге жана бала бакчаларга маалымат телефон аркылуу жеткирилет. 

Кыргызстанда кайсы күндөр эс алуу деп жарыяланганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0