Бишкекте ипотека жана КТРКнын "жалганчылыгына" каршы митинг өтүүдө

© Sputnik / Эркин АлымбековГорькийдин эстелигинин жанындагы митинг
Горькийдин эстелигинин жанындагы митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук телерадиокорпорациясынын жетекчиси митингчилердин алдына чыкты.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Жеткиликтүү турак-жай үчүн" жарандык кыймылдын мүчөлөрү шаршемби күнү Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүп, учурда Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) алдында турушат. 

Алар 2-апрелде Профсоюздар үйүндө турак жайга муктаж адамдардын жыйыны өткөнүн айтышты. Мында жарандардын өзүнүн демилгеси жана аракети менен курулуш иштери үчүн жер тилкесин бөлдүрүп алышкан. Бул үчүн инвестор да табылган, дешет активисттер.

© Sputnik / Эркин Алымбеков"Жеткиликтүү турак-жай үчүн" жарандык кыймылдын мүчөлөрү шаршемби күнү Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүп, учурда КТРК алдында турушат.
1/4
"Жеткиликтүү турак-жай үчүн" жарандык кыймылдын мүчөлөрү шаршемби күнү Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүп, учурда КТРК алдында турушат.
© Sputnik / Эркин АлымбековАлар 2-апрелде Профсоюздар үйүндө турак жайга муктаж адамдардын жыйыны өткөнүн айтышты.
2/4
Алар 2-апрелде Профсоюздар үйүндө турак жайга муктаж адамдардын жыйыны өткөнүн айтышты.
© Sputnik / Эркин АлымбековКТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков митингчилердин алдына чыгып, алардын көйгөйү тууралуу өзүнчө сюжет даярдаларын убадалады.
3/4
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков митингчилердин алдына чыгып, алардын көйгөйү тууралуу өзүнчө сюжет даярдаларын убадалады.
© Sputnik / Эркин АлымбековМуну менен бирге ал телеканал кызматташууга даяр экенин белгилеп өттү.
4/4
Муну менен бирге ал телеканал кызматташууга даяр экенин белгилеп өттү.
1/4
"Жеткиликтүү турак-жай үчүн" жарандык кыймылдын мүчөлөрү шаршемби күнү Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүп, учурда КТРК алдында турушат.
2/4
Алар 2-апрелде Профсоюздар үйүндө турак жайга муктаж адамдардын жыйыны өткөнүн айтышты.
3/4
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков митингчилердин алдына чыгып, алардын көйгөйү тууралуу өзүнчө сюжет даярдаларын убадалады.
4/4
Муну менен бирге ал телеканал кызматташууга даяр экенин белгилеп өттү.

Бирок бул иш-чараны туура чагылдырып, ар тараптуу маалымат берүүнүн ордуна КТРК "коррупцияга белчесинен баткан атка минердин буйрутмасы менен жөнөкөй жарандардын аракетин каралап салган".

"Мында КТРК кырдаалды чагылдыруунун ордуна карапайым элдин таламын талашып жүргөн жаранга карата жалган маалыматты чыгарып ийишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаалданган жарандар жана кыйкырык — КТРК имаратынын алдындагы митинг
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков митингчилердин алдына чыгып, алардын көйгөйү тууралуу өзүнчө сюжет даярдаларын убадалады.

Муну менен бирге ал телеканал кызматташууга даяр экенин белгилеп өттү. Карыпбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маек берип жатып, митингчилер жер тилкелери боюнча мурунку сюжетке негиз болуп берген документтердин копияларын талап кылышканын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0