7-апрелди дем алыш деп жарыялоону соцтармак кандай кабыл алды

© SputnikСнимок с монитора компьютера поста на странице Facebook
Снимок с монитора компьютера поста на странице Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары парламенттин мындай чечими боюнча түрдүү пикирлерин билдиришти. Айрымдары мыйзам долбоору чагылгандай тез кабыл алынганына таң калса, кээси туура болду деп жатышат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш 7-апрелди дем алыш деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Буга чейин 4-апрелде мындай сунуш менен президент ЖКга кайрылган болчу

Мыйзам долбоору ошол эле күнү депутаттар тарабынан коомдук талкууга чыгарылган. 5-апрелде профилдик комитет жактырса, 6-апрелде Жогорку Кеңеш үч окуудан тең мыйзам долбоорун кабыл алды. Ошентип 7-апрель дем алыш күндөрдүн катарын толуктамай болду.

Эми президент кол койсо, аталган мыйзам долбоору күчүнө кирет.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын пикирлерин бул жактан окуңуздар.

Aya аттуу колдонуучу "Эгер дем алыш күнү болсун деген буйрукту күтүп жатсаң бөлүш" деп жазды.

Ал эми Болот Көлбаев "муну кандай кабыл аларын билбей турганын" айтат.

Дем алыш! деп сүйүнгөндөр да болду.

Азамат Тынаев болсо эртең майрам эмес, каза болгондорду эскерүү күнү экенин билдирди.

Бул чечимге ичи жылыбаган да жарандар бар.

Айрымдары депутаттардын бул чечими акыркы эмес деп да жазышты.

сегодня наши депутаты ЖК хотят в суперскоростном режиме назначить еще одной выходной на завтра - 7 апреля. может хватит выходных. работать надо!!!

Опубликовано Nurbek Dzholdosh 5 апреля 2016 г.

Нурбек Жолдош деген жаран "ЖК депутаттары чагылгандай ылдамдык менен дагы бир дем алыш күндү белгилеп жатат. Эс ала бербей иштебейлиби!!!" деген чакырыгын таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0