Бишкекте өкмөттүк жолдун аң-чөнөктөрү оңдолууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уңкур-чуңкурларды ремонттоодон тышкары ирригациялык система да алмаштырылат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Манас проспектиси менен Алматы көчөсүндө жолдордун аң-чөнөгүн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, ремонт 11-мартта башталган. Муну менен бирге ирригациялык системалар алмаштырылып жатат.

Бишкек–Ыссык-Көль унаажолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМББ: кийинки видеокамера Ысык-Көл трассасына орнотулат
Мында Чүй проспектисин бойлой Бейшенелиева көчөсүнөн баштап "Ала-Тоо" аянтына чейин, Логвиненко көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин, Абдрахманов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жана Түштүк магистралдан Токтоналиев көчөсүнө чейинки арыктар жаңыланмакчы.

Мэрия эки жылдын аралыгында шаардын бардык ирригациялык лотокторун алмаштырууну пландап жатат.

Манас проспектиси өкмөттүк жол болуп саналат. Ал мамлекеттик резиденцияга алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0