Бишкектин Ала-Тоо аянтынын борбордук бөлүгүнө тосмолор коюлууда

© SputnikБишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтынын борбордук бөлүгүнө коюлуп жаткан тосмолор
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтынын борбордук бөлүгүнө коюлуп жаткан тосмолор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Улуттук тарых музейи менен Манас эстелигинин айланасы тосулуп жатат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтынын борбордук бөлүгүнө тосмолор коюлууда. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 

Темир тосмолор Улуттук тарых музейин жана Манас эстелигинин айланасына коюлган. Бул кадам Улуттук тарых музейин реконструкциялоо үчүн жасалууда. 

Реконструкция эки этапта жүрүп, оңдоп-түзөө жана жарык берүү иштери 31-мартка чейин жүргүзүлсө, экинчи этабында музей толук кандуу бүткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0