КМББ: кийинки видеокамера Ысык-Көл трассасына орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек–Ыссык-Көль унаажолу. Архив
Бишкек–Ыссык-Көль унаажолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын себеби — туристтик мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо. Биринчи коюлган камералар жол эрежелеринин бузулушун бир топ азайтып, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.

БИШКЕК, 5 апр — Sputnik. Жакын арада жол эрежелеринин бузулушун каттоо алган видеокамера Бишкектин чыгыш бөлүгүнө орнотула турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын (КМББ) административдик практика боюнча ага инспектору Талантбек Сыдыков билдирди. 

Чүй облусунун Сокулук районундагы унаа жолго ИИМ тарабынан "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жол эрежелерин бузган учурларды каттай турган видеокамера орнотулган. Эми аталган эреже бузуулар жөнүндө токтомдун көчүрмөсү айдоочулардын почтасына келип жатат. Бул айдоочулардын нааразылыгын пайда кылууда, анткени эскертүү кагазы документте унаанын ээси катары катталган жарандарга келүүдө.

"Кийинки камера шаардын чыга бериш жерине — Новопокровка айылынан анча алыс эмес, чыгыш багытка карай орнотулмакчы. Анын качан орнотулары тууралуу так мөөнөттү айта албайм, бирок бул туристтик мезгил башталганга чейин болот. Дегеле туристтик сезон башталганга чейин көлгө кетчү жолго буга окшогон 2-3 комплексти орнотуу пландалып жатат", — деп маалымдады Сыдыков.

Анын айтымында, видеокамера өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, алгачкы күндөрү эле эки миңге чейин, азыр 400-500дөн кем эмес эреже бузуулар катталууда. Башкача айтканда, эреже бузуулар кыйла төмөндөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0