Кыргызстандыктар былтыркыга караганда электр энергиясын үнөмдүү пайдаланган

Жазылуу
Ага жылуу аба ырайы да себеп болгону айтылууда.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Быйыл март айында электр энергиясы былтыркы жылдын ушул айына караганда азыраак пайдаланылганын "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасы билдирди.

Бул жылы март айында кыргызстандыктар 887 миллион 127 миң киловатт саат электр энергия керектеп, өткөн жылкыга салыштырмалуу 23 пайызга аз экени белгиленген.

Буга жылуу аба ырайы, жана пайдалануучулардын сарамжал мамилеси себеп болгону белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0