Беш өрдөк: Алтыбаева депутаттыктан кетип, Бекназаров кармалабы?

© Sputnik / Расул УсеналиевКыргызстанда чыгарылган гезит бети. Архив
Кыргызстанда чыгарылган гезит бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Айнурунун ордуна Айнура келет экен

"De-Факто" гезити 1-апрелде чыккан санында КСДПнын тизмеси менен депутат болуп келген Айнуру Алтыбаева кызматынан кол жууй турганын жазды.

"…Узун кулактардын айтымында, Айнуру Алтыбаеванын ордуна айтылуу Бекмамат Осмоновдун иниси коомдук ишмер Шермамат Осмоновдун кызы Айнура Осмонова келет деген уу-дуу кеп жүрүүдө", — деп жазат.

Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева гезиттин бул айтканы боюнча өз пикирин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мындайча билдирди.

"Мен бул кабарды силерден биринчи угуп жатам, анын тыйындай да чындыгы жок. Эгер мен кызматтан кете турган болсом, тизме боюнча Айнура Осмонова эмес, Ирина Карамушкина, Абдыманап Кутушев, Өмүрбек Бакировдор турат. Осмонова тизмеде 56 болуп турат. Андыктан муну гезиттин өрдөгү катары кабыл алуу керек", — дейт депутат айым.

Ал ошондой эле шайлоо маалында элге берген убадаларын аткарууга бардык күчүн жумшай турганын кошумчалады.

Кезек Бекназаровдобу?

Беш өрдөк: президент болчу Ибраимова жана РАЖдан депутат болууну эңсеген Тербишалиев
Оппозициянын айрым өкүлдөрү кармалгандан кийин социалдык тармактарда бул маселе чоң талашып-тартышууларга жем таштады. Айрымдары эми УКМК Азимбек Бекназаровду кармайт экен деген божомолдорун желдей таратты.

Бул боюнча УКМК эч кандай комментарий берилбей турганын билдирди.

Ал эми Азимбек Бекназаров аны УКМКга чакырып суракка алууга эч кандай негиз жок экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Тергөө органдары дагы, тергөө органынын кожоюндары дагы мени чакырганга негиз жок экенин билишет. Асанов менен Кыдыровдун артында кимдер турганын тергөөчүлөр жакшы билет. Ошондуктан аргасы кеткенде баягы эле "мокочо Бекназаров" деп элге жек көрсөтүү саясаты жүрүп жатат", — дейт ал.

Белгилей кетсек, март айынын аягында оппозициянын айрым өкүлдөрү бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалып, камакка алынган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0